Бир күнү өчөт жарыгың,
Бир күнү токтойт тамырың.
Билбестен өтүп кетет ээ ?
Бирөөлөр ата кадырын.
Салтанат коштоп кээ күнүн,
Сайрандап, баспай ээлигүүн.
Эх дүйнө! Тепсейт канча жан,
Эң ыйык эне мээримин.
Жаңылбас үйүн туу кылган,
Жарыбас үйдө чуу кылган.
Атаңа кылсаң акаарат,
Айланып келет уулуңдан.
Көөдөнсүз жандар жаттасын,
Көкүрөк куру какпасын.
Эненин жашын агызсаң,
Эңсебе бейиш бакчасын.
Калганда карып иштебей,
Каарып жаман тиктебей.
Барында барктап сыйлап ал,
Бармакты кийин тиштебей.
Аңдасаң акыл кошоорун,
Анда чын алга озооруң.
Ата-энең сенин бейишиң,
Айнысаң алар-тозогуң.
Көп түкүрсө көл болот дечи эле кыргызда.
Түкүрүнсөң айып пул деп жатышат кыргызга.
Мисал кылып айтайын баатыр эне айлыгын.
Бириндетем пенсия канча болот бир нуска.
Миң сомуна ун алса экисине бүт алат.
Үчү кетип жатпайбы ала албай бир халат.
Жети бала төрөшүп төрт миң алат пенсия.
Жерге койсо түкүрүп беш миң сага берип салат.
Эне деген атынан баш мыйзамың ыйыкпы.
Көрбөптүрмүн буга окшош булганычтуу кылыкты.
Эсиң барда токтоткун эпсиз айткан сөзүңдү.
Эл толкунун билесиң ээритет го чыбыкты.
Жөн жатканда жоюп кой чоочулатпай сылыкты.
Ав Ислам Кемелбеков Көпүрө-базар
Тилим кеспейт тике карап айтамын
Миң сом берген шайлоо алды жүгүртүп.
Кайрып жатат берип кайра түкүртүп
Бир бергенин беш эселеп кайрыган.
Жыргатпайт го элди ылдый жүгүнтүп.
Атасы бай адам тезек тердирип.
Нарындыкты койго теңеп келтирип.
Эми минтип Сооронбайы тайраңдап.
Чык эшикке түкүрбө деп энтигип
Оо бир тууган эмне мынча пазпызбы.
Көсөм айтам көктөбөгөн сазпызбы.
Кысып жүрдүк желди сыртка чыгарбай.
Айтчы кана акылдуулар азпызбы.
Андай эмес кыргыз жигит өрт келген.
Барбы чыкчы төгөрөгү төп келген.
Башың кесип албайт айтсаң бетине.
Суурулуп чык тобу күчтүү сен элден.
Айта албасаң мага сөз бер айтамын.
Аманатың жеткиремин кайтамын.
Башка кийип бекем басып төбөмө.
Кыргызымдын кыры учтуу