Эч нерседен бейкапар туура ойдогу бала үйгө чуркап кирип барат. Аңгыча болбой көздөгөн ою ишке ашкан бузуку келин эшикти жаап " мени менен уят ишке барасын , болбосо кыйкырып элге уят кылам " дейт.
Айласы кеткен бала эмне кылаарын билбей " макул азыр күтүп тур " деп ички бөлмөгө кирип чоң заара кылып , өз заңын бүт денесине сүйкөп чыгат.
Аны көргөн бузуку келин табити бузулуп , үйүнөн кууп чыгат.
Байкуш окуучу чуркаган бойдон дарыяга барып жуунуп , кийимдерин жууп кургатып окуусунан кеч калат.
Корккон бойдон медресенин бөлмөсүнө кирсе сабак аяктап калган болот. Акырын келип эң арткы катарга олтуруп алат.
Азирети Устазы " баланча тур ордуңдан" деп тургузат.
Жүрөгү кекиртегине кептелген бала байкуштун оозуна келме келбей калчылдап калат. Күлүмсүрөгөн жүзүнөн нур чачыраган Устазы " сен медресенин короосуна киргенде бүт айлана Бейиш жыттанып кетти , себебин айтып койо бер баарына сабак болсун " дейт
Бала болгон окуяны айтып бергенде Устазы " Аллахым такыбалыгыңды мындан да бекем кылсын" деп бата берет.
Ошондой такыба окуучуларды тарбиялап жаткан Устаз да Оолия болуудан алыс болбосо керек.
Аллахым бизди такыба бенделериңден кыл.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев