Мугалим бир күнү кичинекей башталгыч класстагы окуучуларына "Аллахтан эмнени тилек кылсаңар ошол нерсени кагаз бетине сочинение кылып жазгыла"-дейт.
Окуучулар баары өздөрү Аллахтан эмне тилек кылгандарын сочинение кылып жазып сабак акырында мугалимге тапшырышат.
Мугалим кечинде үйүнө келип окуучулардын сочиненияларын текшерип жатып бир окуучунун жазган сочинениясын окуп аябай таасирленип көзүнө жаш алып ыйлап олтурса күйөөсү келип эмнеге ыйлап жатасын деп сурайт, аялы жанагы баланын сочинениясын күйөсүнө берет.
Күйөөсү баракчаны алып окуйт. Ал окуучу Аллахка төмөндөгүчө кайрылып сочинение жазган эле:
"Оо, Аллах мени телевизорго айландырып койчу. Мен телевизор сыяктуу үйдүн эң төрүнөн орун алгым келет. Баары мени курчап тегеректеп олтурусун каалайм. Ата-энем телевизорго көңүл бөлгөнүндөй, мага да көңүл бөлүп кароосун, телевизорду кунт коюп укандай мени да укса дейм. Кээда ата- энем күн бою телевизордон кино көрүп мага такыр көңүл бөлбөйт.
Оо, Аллахым мени үйдөгү телевизорго алмаштырып койчу, мен сенден көп нерсе деле сурабайм, менин болгону бардык адамдардын көңүлүн бурган телевизор сыяктуу гана жашагым келет..."
Күйөөсү окуп бүтүп: "Бечара баланын ата-энеси эмнеге көңүл бурбайт десең"- деп кейит. Аялы күйөөсүн карап бул биздин балабыздын сочинениясы, мен биздин балабыз окууган класска сабак берем ...
Балаңарга куран окуганды үйрөткүлө, куран балдарыңарга баарын үйрөтөт...
Нет комментариев