*
Астрология, гороскоп, ырым-жырымдар жана төлгө ачуу – Исламга чейинки караңгы доорго таандык иштерден. Ислам дини келиши менен бул иштердин баарын тыйып, чоң күнөөлөрдүн катарына кошкон жана булардын баарысы ширк болуп эсептелет. Ал эми бизге белгилүү болгондой, ширк кылуу – Исламдагы эң чоң күнөө. Эми ушул күнөөлөрдүн арасынан адамдардын көпчүлүгү элес албаган бирөөсү бар, ал – жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуу жана андагы айтылгандарга ишенүү. Себеби азыркы күндө кайсы газета-журналды ачпайлы, ал жерде аптага, айга жана жылга карата жылдыз төлгө жазылган болот же радиодон таң эрте бүгүнкү күнгө карата жылдыз төлгөңүздү угуп алыңыз деп айткан учурлар да көп кездешет. Ошондой эле кээ бир адамдар баш кошордон алдын, өзүнүн зодиак жылдызына ылайык келген зодиак жылдызындагы адамдарды издешет. Бирок мунун канчалык күнөө экенин көпчүлүк билбейт.
Пайгамбарыбыз ﷺ хадистеринде айтат:
*«Кимде-ким көзү ачыкка барып анын айтканына ишенсе, анда кырк күнгө чейин намазы кабыл кылынбайт».* | Муснад Ахмад
*«Кимде-ким көзү ачыкка же төлгөчүгө барып, анын айткандарына ишенсе, анда ал Мухаммадга түшкөн нерсеге каапырлык кылды».* | Сахих ат-Таргыиб
Мына ушул хадистердин негизинде аалымдар айтышкан:
*«Зодиак белгилеринин арасынан өзүнүн зодиак белгисине карата жазылган жылдыз төлгөнү (гороскопту) окуган адам көзү ачыкка барып бир нерсе сураган сыяктуу. Мына ушул себептүү анын кырк күндүк намазы жана дубасы кабыл кылынбайт. А эгер ал гороскопто жазылган нерселерге ишене турган болсо, анда ал Мухаммад пайгамбарга ﷺ түшкөн нерсеге каапырлык кылды».* | Шарх Китаб ат-Таухид, 349
Гороскопто айтылганга ишенбестен, жөн гана окуп койгон адамдын күнөөсү эле ушунчалык болсо, анда андагы айтылгандарга ишенген адамдардын күнөөсүн элестетип көрүңүз. Ошон үчүн гороскоп окубаңыз, көрүп калсаңыз жок кылыңыз, окуп жаткандар болсо тыйыңыз, окугуңуз келип жатса да окубаңыз, себеби андай кылуу күнөө. Андай кылган адамдын анын кырк күндүк намазы, дубасы кабыл кылынбайт. Ошондой эле пайгамбарыбызга ﷺ түшкөн Куранга каапырлык кылганга барабар.
Маалыматты башкалар менен бөлүшүңүз.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев