Илгери эки бөлмө үйдө баарыбыз ынтымакта жашачубуз.
Ошол эки бөлмөдөн куда тосуп, анан калса кудалар сөзсүз бир конуп кетишчү. Ошол эки бөлмө үйдөн киши үзүлчү эмес. Чоочун адам жол жүрүп же жок сурап келип калса да болбой үйгө киргизчүбүз, жок дегенде нан ооз тийип чыкчы эле. Ал кезде үйгө кирген мейман да үйдүн ичин аңтара карап, сынап кетчи эмес. Берген ашыңа ыраазы болуп узачу. Кандай керемет заманда, кандай сонун коомдо жашаганбыз!..
Азыр эки, үч кабат, алты, жети бөлмөлүү үйдө жашайбыз. Ошол үйгө кудалар менен туугандар батпай калат деп ресторанга, тойканага конок, куда тособуз. Кудаларды үйгө кондурмак түгүл ошол түнү шаша-буша узатканча шашабыз. Азыр ошол "кенен" үйгө чоочун, куда,