Ката болсо каттуу айтпай каткыра
Акырын кел, шыбырап кой кулака
Кучтуулордун сапаты бар озгочо
Алар кулбой, жардамдашат алсызга
Сынасанар сынып калбайм чынында
Жакшы создор жагат туура баарына
Ошол учун жылуу созду кызганбай
Бир бирине букет кылып сунгула
Кемсинтсенер кемип калбайм билгиле
Каалагандай сынап суйлоп кулгуло
Мен селерге боорум ооруйт чынында
Жан дуйнонор кор экенин сезгиле
Итке окшоп интернетте ургондор
Аны окуп класс коюп жургондор
Келбесе эгер колунардан жакшылык
Карабастан козду жумуп журсонор
Согунгонду мыкты экен деп тушунбойм
Корбоптур дейм тарбия-таалим уйунон
Эмне болуп баратабыз туугандар
Балдар калып кыздар шылып согунгон
14 05 18
Ыйманы ыссык журогу ак кыздар бар
Алар кийбейт кийимдерин кылып тар
Алар кулбойт орой каттуу суйлошпойт
Бир жылмайып суйуу отун багынтар
Алар окуйт билим алат талыкпай
Урушканга унчугушпайт балыктай
Эмне керек чырылдашып-чырдашып
Алар жашайт кыз экенин унутпай
Сыйлайт алар ата-энесин кадырлап
Ушак айтпайт башкаларды жамандап
Коз артышпайт кооз буюм тайымга
Алар билет "БЕЙИШ" тору соонун да
Алса аларды жубай кылып жигиттер
Ыйманы толуп дос болушат темирдей
Тарбиялап ыйманы бийик уул-кызды
Бул жашоодо омурун отот бейиштей.