Эзелтен элим бүт билет,
Эркектен аял күчтүүрөк.
Эне менен сүйүүгө,
Эркектин баары башты ийет.
Түпөктүү найза колго алып,
Түп көтөрүп араңды,
Аңтарып коё таштаган.
А түгүл Манас абаңды,
Кыздардан чыккан Кыз Сайкал,
Айтпай бир койчу адамбы?
Салимбай Турсунбаев
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын заманга ылайык жаңы имаратын салып берүү менен бардык шартын түзүп тарых жараткан өлкө башчысы Садыр Жапаровго жана аны ишке ашырууда опол тоодой салым кошкон Курманкул Зулушев агабызга таазим! Театрыбыздын келечеги кең, телегейи тең болсун. Бул башталышы деп билебиз.
Мамлекет толук камкордукка алганга чейин улуу дүйнөгө кызмат кылып жардамын берип келген бардык ишкерлерге, ишмерлерге, элдик уул-кыздарга ыраазычылык билдирем.
Келечекте улуттук “Манас” борборун, “Манас” жана руханият министрлигин ачабыз. Улуттук дөөлөттү арттырган, аалам суктанган тарыхый ”Манас” шаарын курабыз.
Мына Манасты ушундай айтат!
Бир кезде Манасы жок тарбияланган муунду кубалап жетели жеп эки эсе катуу камылга менен иш алып баруудабыз.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Пейили кенен,
Дасторкону белен,
Кыздан чыккан эрен Индира Куралбекова эжем куттуу Кыргыз улуттук «Манас» театрына чачыла чачып келиптир. Көңүлдү көтөрүп, маанайды жаркытып койду.
Борбордогу алдыңкы ресторандарда Манас жаңырат!
Бишкектеги алдыңкы делген Фрунце, Барашек, Кайнар, Зерно баштаган ресторандардын башын бириктирген "Кайнар" групп компаниясы жакын арада өзүнө караштуу тойканаларда улуу "Манас" баянынан баштап күүлөрдү байма-бай жаңырта баштайт. Кудайдын кулагы сүйүнсүн.
Садыр Жапаров
Курманкул Зулушев
Түнгө дагы карабай,
Бишкекасфальт иштөөдө,
Түйшөлдүм деп санабай.
Театр үчүн жүгүрүп,
Тытып жүрүк баладай.
Кыргыз улуттук «Манас» театрынын ачылыш азмине карата 24 сааттык режимде иш алып барылууда. Кудай кубат берсин. Оомийин деп коюңуздар.
Садыр Жапаров
Акылбек Жапаров
Курманкул Зулушев
Сүйүнбек Касмамбетов
#Иштейберели#24саатбайланыштабыз