Предыдущая публикация
Салтка айланган бул жолугушууда Амангелди Жумадилов фонддун максаттары, иш чаралары жана ɵзгɵчɵ жаңы муунду тарбиялоого багытталган Фонддун алдындагы коомдук мектептин миссия жана багыттарын айтып берди. 2014-жылдан бери миңге чукул жаш келечектүү жаштарга заманбап кошумча билим берген коомдук мектеп жаш ишкерлердин, ар кайсы тармакта ийгиликтүү иш алып барып жаткан жаш кадрлардын пайда болушуна себепкер болгонун белгилеп, билим жана талыбас мээнет гана ар бир жаранды жана ɵлкɵнү ɵзгɵртɵ алат деп белгилеп ɵттү. Ошондой жолугушууда жаш лидерлерге үч ай аралыгында жаңы ийгиликтерди багындырууга конкерттүү максттарды коюп, ɵз күч дараметин сынап кɵрүүгɵ чакырды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев