-Намаз окуйм. Хижап кийбейм, өтө
ачык да кийбейм. Хижап кийбей эле
намаз окуп ыйман жолунда жүрсө
болобу? жооп:
-Болгону үчүн жүрүп атпайсыңбы.
Бирок хижап кийүү парз. Бир парзды
аткарып экинчисин аткарбай
жатасың. Салыштыруу иретинде
айтсам, атаң “уйду саап, койлорго
чөп бер” деди. Уйду саадың да
койлорго чөп бербедиң. “Эмнеге?”
десе “уйду саап койдум, жетиштүү”
деп жатасың. Парзды толук
аткарбагандыгы үчүн жооп берет.
Бирок намаз кабыл болот ин ша
Аллах.
-Оронбой, намаз окубай сооп иш
кылып, Алланы жүрөгүнө сактап,
жакшы жолдо жүрсө болобу? Мага
оронгон эрте деп ойлойм.
жооп:
-Оронгон сизге жакса да, жакпаса да
ал парз, Алланын буйругу.