Сен кайда качып кеттиң,
тултук бетим,
Баягы убаданы буздуң дедим.
Жөн кетпей белгисиз жактарыңа,
Сен деген жүрөгүмдү унтуп кеттиң.
Жүлүнбү,өпкө-боорбу,
жулкуп кеттиң, Колкодон,кекиртектен булкуп кеттиң.
Дем жетпей,жан дүйнөмдү боштук ээлейт,
Кайрылчы,кара көзүм,тултук бетим.
Иса Исабеk(Эрkuн kуш).
БОЛ(бо)ГОН ОКУЯ!
Кезигип чоң сегиздик башчылары,
Келгенсип бир жаңылык ачкылары.
Калышыптыр чогулуп батыш жакта,
Кычырашат,бир-бирине каршы баары.
Түштөнүп жатышканда Меркель айым,
Тикчийип жүрөт ко дайым. "Түшүмдө мен ЖЕРге падыша болдум".
Деп Путинди карады ичип чайын.
Ары жактан Обама,
Yн катты ал да.
"Мен түшүмдө деди,
Болуп атыпмын падыша,ААЛАМга".
Аларды Путин угуп,
Акырын бутту сунуп.
"Түшүмдө мен, бекитпедим эч кимди",
Деди кофеден жутуп.
Иса Исабеk (Эрkuн kуш).