Кыргызстандын жарандарына Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлеринин кайрылуусу
___________________________________________________________________
Биз, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, биздин өлкөбүз үчүн татаал мезгилде Сиздерди биримдикке жана түзүлгөн кырдаалды туура түшүнүүгө чакырабыз. Себеби мамлекетибизди жоготуп алуу коркунучу жаралды. Ушул оор учурдан баардыгыбыз чогуу гана чыгып кете алабыз.
Биз, ардагерлер Куралдуу Күчтөргө маанилүү аскердик объектилерди коргоодо жана кайтарууда көмөк көрсөтөлү деп чечтик.
Ушул максаттарда ардагер уюмдардын мүчөлөрүнүн катарынан Куралдуу Күчтөрдүн инфратүзүмдөрүнүн объектилерин кайтарууга жардам берүү үчүн топтор түзүлдү.
Урматтуу Кыргызстандын жаран