ТАГДЫР ОЮНУ. 6-БӨЛҮМ. Алина телефонун тыңшап отуруп тажап кетти. Азиретке чалып жаткан. Бир жолу алып “бошобой жатам” деген боюнча телефонун көтөрбөй койду. Биринчи Азирет келгендеги кубанычында чек жок болчу. Күнүгө жанында, чогуу... Чын эле экөөнүн көп жерлери окшош болчу. Табити, жашоо образы, ар дайым тынып-тынчыбаган ойноок кыялы да окшош эле. Экөө чогуу жүргөндө күндүн кантип өткөнүн билбей калышчу. Анан эмне болду? Бардыгы эле мурункудай сезилчү. Бирок... Азиреттин көңүлү башка жакта болуп эле калды. Сүйлөшүп жатса деле көзү менен издегени башка. Себеби Бегимай деп ойлоюн десе, ал Азиреттен оттон качкансып качып жүрөт. Бир канча жолу Азиреттин сунушу менен киного чакырды эле, караман
Заманбап Ырайымаалы менен Бегимай.
Жиби жок айла менен аркандаган,
Көрүнүп бир жар этип тайсалдаган.
Толтосу жүрөгүнө арбап алган,
Бой керип кадам таштап шаңкылдаган.
Таң эрте сүт сатчу жайга келип бир келин кезекте турса, жанынан кымбат баалуу унаа айдаган киши өтүп бара жатып:
- Кандайсың сулуу?
- Жакшы рахмат...
- Ээх ушундан көрө мага тийип алсаң минтип сүткө кезекке турбайт элең, сүт, каймак, өзү үйгө келип турмак... Азыр да кеч эмес мага турмушка - чык дейт койкоюп.
Анда келин: - Деги канча аялыңыз бар?
Эки аялым бар сен үчүнчүсү болосуң, эң кенже эркеси болосуң дейт.
Анда келин:
- Жо - ок болбойт байке...
- Ии эмнеге болбойт?
- Эрге кезекке тургуча сүткө кезекке турган жакшы байке деп - жооп берет дейт.
ТАГДЫР ОЮНУ. 5-БӨЛҮМ. Аскар Токтосунович чакырылган жерге таптакыр кечикчү эмес. Бирок бул жолу шашпады. Өлкөдөгү эң бараандуу адам аны күтүп жатканын эске албагандай, галстугун түздөп, буурул баскан чачын сылап көпкө турду. Анан адатынча уулунун сүрөтүнүн алдына барып, эриндерин күбүрөтө бир нерселерди айтып кеңешип жаткан сыяктуу болду да сыртка чыкты. Жан сакчысы аркасынан ээрчий бергенде колун жаңсай токтотуп койду. – Бүгүн бошсуңар! Жанына айдоочусун гана алган Аскар чыгып кетти. Дүр-дүйүм дасторкон жайылып, элитанын да каймактары өзүнчө шапар тээп жаткан эле. Аларга аралашкан Аскар бир топто гана өзүнө белгиленген ишараны түшүндү да, Баатырбек Асанбековичтин кабинетине бет алды. Купку