ТАГДЫР ОЮНУ. 8-БӨЛҮМ. Учактан түшүп, жүктөрүн алган соң Мариям айланасын бир тиктеп, көөдөнүн кере дем алып алды. Ушул жытты көп жылдан бери сагынып, эңсеп жүргөнүн эми сезди. Чындыгында, көп өлкөдө болгон, кесибине байланыштуу. Бирок дилине тааныш, жүрөгүнө жакын өзүнүн гана мекени болгонун түшүндү. А балким, мурун жөн гана мойнуна алгысы келбей жүргөндүр. Абайлай тигилип туруп, уулу Азирет өзүнө кол булгалап турганын көрдү. Жанындагысы ким болду экен? Антип ойлогуча болбой Азирет жетип келди. – Апа... – Ази, уулум! Апасы өзүн кармаганы менен, көзүнүн жашы агып кетти. – Эй, сизге не болду? Көп болсо 3 ай мени көрбөй калдыңыз. Ошого да ыйлайт бекен? – Сагындым, балам... Мариям өзүн токтото
ЧАЧТАН КИЧҮҮ САКАЛ
Апендиден бирөө сураптыр:
- Бу сенин сакалың эмне үчүн кара, чачың эмне үчүн ак?
- Сакалым чачыман он беш жаш кичүү, ошол үчүн да... - дептир.