Апам айтчу: “Келиндер!
Эсеби жок көппөгүлө,
Эриңерди сөкпөгүлө?!
Эркеле, сүй, бирок аттап,
Тебелеп, тээп өтпөгүлө!
Кийбегиле,
эркектердин калпагын,
Кемибесин
Ала-Тоодой баркы анын!
Үйдүн куту –
Аял, Эне эсирсе,
Эч убакта
жакшы болбойт, арты анын!
Ичпегиле,
кумар тутуп аракты,
Издегиле
улуулукту жана акты!
Ансыз да коом
ооруп турат, балдарым,
Ниеттенгиле,
ырбатпоого жаратты!
Эне наркын,
ата салтын жолдогон,
Аял – Жердей
көтөрүмдүү болгону оң!
Өйдөдө - өбөк,
жөлөк болуп ылдыйда,
Эрдин, элдин
эртеңкисин ойлогон!
Ооба, аялдын
ошончо көп түйшүгү!
Аял – санаа,
күтүү, үмүттүн түркүгү!
Бир кылымга
татып кетет кээ бирде,
Чач агартып,
таң атырган бир түнү!
Аял – Эне!
Аял - Жардын сүйгөнү!
Аял – Күн, Ай!
Аял – жашоо үйдөгү!
Андай болсо
сактап турат аялзат,
Үйбүлөдөн
куралган бул дүйнөнү!."
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 37