2-3 курста окуп жүргөндө, кыргыз тилден берген эжейибиз, 9 майга карата, согуш жөнундө аңгеме жазып келүүгө тапшырма берген. Ошондо чоң атамдын айтып берген окуясын көркөмдөп жазып, автомат менен экзамен алдым эле. Достор, ошол кол жазмамды таап алып, эч өзгөртпөй бөлүшүүнү чечтим.
P.S. Эскертүү, филолог, журналист эмесмин, технарьмын
#эч_ким_эч_нерсе_унутулбайт# #жеңиш_үчүн_аталарга_рахмат#
…Балдарым, кудайымдын бул
өмүрдө берген эки белеги,
бул кандуу согуштан аман калтырып
жана маңдайыдагы силер
Жылдар өткөн сайын жаңы муунга тээ 40-жылдары болгон кандуу окуялар жомок сымал угулат. Анткени менен кандуу жылдарда эли, жери, тынчтык үчүн күрөшүп курман болгон адамдардын жаркын элеси