Жаңы жылыңар менен кадырман Кыргыз эли!!!
Кирип келген жаңы жыл жакшылыктын жылы болсун. Кудай Таалам Кыргыз элине берекелүү жыл кылсын жаңы жылды. Жаңы жыл жалгасын!!! Ар бир үйдө тирүүлүктүн түтүнү чыгып, бөөдө кырсыктан сырткары болуп, узак, ден соолукта, бакубат жашоону насип этсин Жараткан. Кыргыз эли өзөктүү эл, өзөгүбүз бекемделип өсөлү, өнүгөлү. Бар бололу, бир бололу! Жаңы жылыңар менен!!!