БАЛА ТАРБИЯЛОО БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ 60 НАСААТ.
(Баракчаңызга сактап алыңыз).
1. Балдарыңа “Лаа илааха иллаллах” келмесин кыргызча мааниси менен кошо үйрөт. Келменин кыргызча мааниси “Аллах гана сыйынууга татыктуу” же “Аллахтан башка сыйынууга татыктуу эч бир Зат жок” экендигин терең түшүндүр.
2. Адамзаттын бул дүйнөдө жаралуу максаты жалгыз Аллахка гана сыйынып, Анын дини менен жашоо экендигин кеңири айтып бер. Аллах Таала Курандын “Зарият” сүрөөсүндө: «Жиндер менен адамзатты бир Өзүмө сыйынуулары үчүн гана жараттым»,– деп айткан.
3. Тозок жөнүндө же Аллахтын азабы жөнүндө көп айта бербе. Себеби жаш балага Аллахтын азабы же каары тууралуу улам айтыла берсе, анда бул аны ар кандай коркунучт