Илдет сен.
Карабай байлык жыйганга,
Чектөөнү коюп сыйларга.
Чеңгелге салып ааламды,
Келтирдиң вирус ыйманга.
Той тамаша күндө өткөн,
Тойкананы гүлдөткөн.
Төгүл чачыл ысырап,
Токтоттуң баарын илдет сен.
Аргасыз барып алышкан,
Той берип үй жай салышкан.
Карона илдет азайтың,
Кайтарып берчүү пайыздан.
Сейилдеп батыш чыгыштан,
Бириси консо бири учкан,
Самолёт Поезд токтоду,
Карона сендей вирустан.
Таранып кол бет тазарып,
Тамак аш үйдө жасалып.
Көчөгө даары чачтырып,
Дүйнөгө бердик тазалык,
Көзүнөн жашын көл кылдың,
Канча жанды өлтүрдүң,
Кете бер илдет карона,
Бүт тартипке келтирдиң.
Чылымов Б.Ж.